Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Союз тараганы трактордун тиши тие элек Ак-Сай жайлоосундагы жол азабы, малчылардын салам дубасы, - журналист Т.Султанов (фото)

Turmush -  Ак-Сайдан айтылган аманат...

Жеринин кенендиги, суусунун молдугу, абасынын тазалыгы менен айырмаланган Нарын облусунун Ат-Башы районуна тиешелүү Ак-Сай өрөөнү жер соорусу. Өрөөн эзелтеден төрт түлүк малга жайлуу.

Башкасын айтпаганда да СССР мезгилинде Нарын облусунун Тянь-Шань, Ат-Башы райондорунун колхоз-совхоздорунун жүз миңдеген төрт түлүк малы жылдын төрт мезгилинде тең кокту-колоттордо толуп жатаар эле. Кийинчерээк заман өзгөрүлүп, колхоз-совхоздор тарап, кашыктап чогулткандар чөмүштөп, чакалап чачылып, башаламан бытырап, малчылар байырлаган жерлерин таштап ичкери кирип кетишкен. Келберсип жаткан кең өрөөн кыйлага чейин ээнсиреп турбадыбы.

Айыл чарбасын реформа жазайбыз деген атка минер саясатчылар жегенин жеп, сатканын сатып, талап-тоноп бүтүп, 5-6 жылдан кийин Американы жаңы ачып жатышкансып «Ак-Сай мал киндиктүү жер. Мындай асыл жерди бош калтырууга болбойт. Элди көчүрүү керек. Антпесе ээн жаткан өрөөнгө коңшу мамлекет көз артып, ижарага сурап жатышат»,- дешип трибунаны койгулап, эл, жер үчүн «берилген, камкор, патриот» болуп чыга келишпедиби. Ал мезгил өттү. Төшүн каккан жеп-ичкич саясатчылар деле дымыды. Карапайым эл таман акы, маңдай тери менен малын көбөйтүп, өз арбайын өзү согуп, «саясатчысы» жок эле Ак-Сайды ээнсиретпей чакан малы менен көчүп барып, турмуш кечирип жатышат. 

Насип буйруп жакында Ак-Сайдын Арашан, Мүдүрүм тарабына сапар алдык. Айтылуу Арашан жайлоосунда Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик, Ак-Моюн айылдарынын тургундары — Кайыпов Алмаз, Токтакунов Шаршеналы, Түлгөев Нукен аймакташ турушат экен. Ал-жайды сурашып, кең-кесири баарлаштык.

Ак-Сайга мал багып чыкканыбызга көп эле жыл болду, деп сөзгө аралашты Алмаз Кайыпов.

«Кымыз, сүзмө сатып алганы соодагерлерден башка өкмөт тараптан киши келчү эмес эле. Кабарчысынан сизди биринчи көрүп жатабыз. Кабарчы деген карапайым калктын жүрөгүн өйүгөн маселелерди жазат деп укчу элем. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Менчик малыбызга элдикин кошуп багып, акчасын алабыз. Элибиз, жерибиз тынч болсо эле болду, өкмөттөн эч нерсе сурабайбыз. Райондун жетекчилигине, андан ылдыйкы бизди тейлөөчү мекемелерге Ак-Сай өрөөнүндө жашап, иштеп жаткан биз өңдүү малчыларды эстен чыгарып салганына нааразыбыз.

Жолду көрдүңүзбү? Союз тарагандан бери трактордун тиши тие элек. Бардыгыбыз жайыт салыгын төлөйбүз. Салыктан түшкөн акчага жайлоого кетүүчү жолду, көпүрөнү оңдойбуз деп саймедирешет.

Бизден өйдө Мүдүрүм тарапта, Балык Сууда да, Ак-Моюн, Ак-Муз айылдарынын, Нарын районунун малчылары жашайт. Ошолордун жайлоо комитеттеринин башын кошуп, акчаларын чогултуп, жолду оңдоп коюуга болот эле. Ат-Башы районундагы жайыттар боюнча жетекчиси Сейдең Сатиевдин атын угабыз, өзүн көрбөйбүз. Кымыз ичкени келип деле жолдун абалын көрүп, жыйынтык чыгарса болот. Биздин саламыбызды маалымат каражаттары аркылуу айтып коюңуз», - деп салам дубасын айтып калды.

Ал жерде кошо жашаган Гүлбарчын Жунусалиева, Айнагүл Төрөбаева, Азамат Чоюкеев, Талгат Сулайманкулов жайлоодо ооруп калганда 150 чакырым алыстагы Ак-Муз айылындагы дарыгерге көрүнүп, дары-дармек алып келишээрин белгилешти.

Учурда Ак-Сайдын Мүдүрүм, Арашан, Балык-Суу, Орто-Кашка-Суу тарабында 100гө жакын түтүн малчылар үй-бүлөлөрү менен жашап эмгектенишет. Сөздүн чын-чынына келгенде Ат-Башы райондук райадминистрациясынан, райондук айыл чарба департаментинен, облустук жайыт комитетинен кызматкерлер басып келип, чабандардын акыбалдарын, жол маселелерин сурап коюшпаганына нааразы болуп келишет. Ал эми жайыт комитети жайыт акчаларын, мал акыларын чогултуп кетишет, бирок чабандарга эч бир шарт түзүлбөйт.

Ара жолдо калган жолчулар да, билеги күчтүү жергиликтүү бийлик жайлоонун жол маселесин чечип бере албай, улам бири-бирине шылтоо менен убакытты өткөрүп келишет. Бирок малчылар салам дубасы өкмөткө жетээр деген үмүттөрү күч.

Автору: Ат-башылык журналист Тынчтык Султанов.

Автордун стилистикасы сакталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×