Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Талас облусуТалас району 13.03.2018 22:36

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык 60 жаштагы Аскарбек аксакал 25 миң сомдук сүрөттөрдү тартат (фото)

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылынын 60 жаштагы тургуну Аскарбек Исакеев көп жылдардан бери сүрөт тартып эмгектенет. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Анын айтымында, 1974-жылы Фурунзе шаарына барып, сүрөт окуу жайына тапшырган. Аскердик кызматын 2 жыл өтөп, окуусун 1980-жылы ийгиликтүү аяктап, сүрөтчү-жасалгалоочу кесибине ээ болгон. Үй-бүлөлүк шартынан улам Москвага окууга барбай калган. 1981-жылы айылга келип, Талас шаарындагы маданият үйүнө сүрөтчүлөр бригадасына кирип, шаардык майрам-кечелерде сүрөт тартып 1991-жылга чейин эмгектенген. Союз тарагандан соң Кум-Арык айылындагы орто мектепке сүрөтчү болуп жумушка орношуп, 10 жыл иштеген.

Кесиби сүрөтчү-жасалгалоочу болгондуктан турак үйлөрдүн ичин, Таластагы көп мекеме-уюмдардын ичин жасалгалаган.

«Талас облусунун көрүнүктүү сүрөтчүсү Жаныбек Рай сүрөт окуу жайына барганда мен 4-курста элем. Ал балага өз билгенимди үйрөтүп, насаатчысы болгом», - деди ал.

Сүрөттөрдү реализм жанрында тартат. Ага керектүү боекторду, калемдерди Бишкек, Казакстандагы Тараз шаарларынан алып келет. Ушул убакка чейин 60тан ашуун портрет, 1 миңден ашык пейзаж жана башка сүрөттөрдү тарткан. Эң кымбат сүрөтү 25 миң сомго сатылган. Эң чоң сүрөтүнүн узуну 2 метр, туурасы 4 метр болгон.

Өмүрлүк жубайы Гүлмира Исакеева менен 1982-жылы кино театрдан «Будь моим мужом» тасмасын көргөнү барганда таанышып, 1 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Экөөнүн 2 кыз, 1 уулу жана 6 небереси бар. Ал сүрөтчүлүктөн тышкары дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×