Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Адистин кеңеши: Жогорку сорттогу ун наристелердин кем акыл төрөлүшүнө себеп болот

Turmush -  Акыркы 10 жылда фолий кычкылынын жетишсиздигинен улам башына суу толуп жана канда гемоглобиндин аздыгынан улам акыл-эси кем болуп төрөлгөндөр арбыды. Бул тууралуу Талас райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөл жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Жакып Айдаров билдирди.

«Акыркы жылдары, айрыкча акыркы 10 жылда акыл-эси кем балдар көбүрөөк төрөлүп жатат. Майып болуп төрөлгөндөр да арбын. Себеби көбү убагына жетпей, ара төрөлөт», - деди ал.

Азыркы тапта Кыргызстандын калкы биринчи жана жогорку сорттогу буудай унун сатып алат. Бирок жогорку сорттогу унду чыгарууда буудай улам тазалана бергендиктен ортосундагы көмүрсуу (углевод) гана калып, керектүү заттардын баары жок болуп кетет.

«Эмне себептен унду байытуу керек деген маселе чыгып жатат. Азыркы тапта буудайды тегирменге тартканда ал аябай тазаланып, ичиндеги өзөгү эле калат. Витаминдерге бай кабыгы улпакка кетет. Ал эми элдин көбү азыр жогорку сорттогу ундан нан жеп, тамак жасайт. Нан жеген адам курсагы ток болгону менен витаминдерден куру жалак калууда», - деди дарыгер.

Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болуп калуусу көйгөйгө айланган. Мунун башкы себебин адистер аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт. Алтургай акыркы убакта ал социалдык эпидемияга айланганын айтышат.

Азыркы учурда төрөттөн улам каза тапкан аялдардын дээрлик 40%ы канда темирдин жетишсиздигинен улам каза болуп жатат. Муну алдын алуу үчүн нанды фолий кычкылы, «Б» тобундагы витаминдер жана темир менен байытуу зарыл.

«Азыркы тапта төрөттөн каза болгон энелердин 40%дан көбү аз кандуулукка чалдыккан. Балдардын 60%дан көбү ушундан улам чарчап калууда. Сандар өзү эле айтып жатпайбы. Аз кандуулук азыр бизде улуттук көйгөйгө айланды. Аны чечүүнүн арзан жана оңой жолу — унду байытуу. Же унга керектүү витаминдерди кошуу менен бул кыйынчылыкты жеңе алабыз», - деди Айдаров.

Адистер жалпы эл жана ун сатуучулар азыркы тапта маалымат жетишсиз болгондон улам унду байытуу менен аз кандуулук кыйынчылыгын чечсе болорун түшүнбөй жаткандыгын белгилешет. Бул маселе парламентке чейин көтөрүлгөнү менен азырынча толук чечиле элек. Ошентсе да азыр базарларда айрым тегирменчилер ыктыярдуу түрдө байыткан ундар бар. Аны капка тагылган эн белгиде «байытылган» деген кызыл белгиден айырмаласа болот.

«Унду байытууда ага фолий кычкылы, «Б» тобундагы витаминдер жана темир кошулат. Эненин ичиндеги түйүлдүк жаңыдан өрчүп жатканда бул заттар жетишпесе, баланын оорукчан төрөлүп калуусу ыктымал. Гидроэнцефалопатия, акыл-эстин кем болуусу жана темир жетишсиздигинен улам аз салмакта же маалына жетпей ара төрөлүү жана мээнин кычкылтек менен аз камсыз болуусунан улам келип чыккан энцефалопатия илдетинин пайда болуусуна дал ушул көйгөй себеп», - дешет адистер.

Азыркы тапта Талас облусунун аймагындагы баардык билим берүү мекемелери балдарга байтылган ун менен тамак жасашат. Алардын ар бири тыкыр көзөмөлгө алынат. Ар бир адам коомдук жайларда жана  үй-бүлөдө байытылган ун менен тамактанышы керек, деп эскертишет адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7925
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×