Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Бала тили — бал: Ата, ата, дадагыӊ болуп кетейин, - 3 жаштагы Асия (видео, фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Бишкек шаарында жашаган 3 жаштагы Асия Урмат кызы.

- Атыӊ ким?

- Ачия.

- Канчадасыӊ?

- Үйчтө (колу менен үчтү көрсөтүп).

- Үйдө кимди жакшы көрөсүӊ?

- Атамды жакшы көрөм.

- Үйдө сени көп урушабы?

- Атам уйушпайт. Апам уйушканда корком.

- Атаӊдын аты ким?

- Умат (Урмат).

- Акча деген эмне?

- Дагаз (кагаз).

- Акчаны кимдер табат?

- Акчаны Умат табат.

- Каяктан табат?

- Үйдөн табат.

- Чоӊ энеӊдин аты ким?

- Аты эне. Ба-к-тылуу (Бактыгүл).

- Апаңды жакшы көрөсүӊбү?

- Ооба.

- Ал каякта иштейт?

- Базайда. Шемишка чатып (ооруканада эмгектенет).

- Жакшы кыздар кандай болот?

- Жакшы кыздар жакшы болот.

- А, жаман кыздарчы?

- Жаман кийждар «баа» дейт. Алар жаман болот.

- Сулуу кыздар кандай болот?

- Сулуу кийждар жакшы болот.

- Ырдаганды билесиӊби? Ырдап койчу.

- Ата, ата, дадагың болуп кетеее-йиин.

- Жакшы көргөн балаӊ барбы?

- Бар.

- Ал каякта?

- Мамак эмип атат.

- Бөбөгүӊ барбы?

- Бар.

- Аты ким?

- Умачик (Умар).

- Телефондо интернет иштебей калса эмне кылыш керек?

- Шалыш керек. Жумуштан папам шалат.

- Кайсыл оюнчугуӊду жакшы көрөсүӊ?

- Тииякта турбайбы.

- Каякта турат?

- Эчикте.

- Гимнди ырдап койчу.

- Мен ак мөңгүлүү дей албайм да…

Тема боюнча:

27.01.2017Бала тили - бал: Апам менен келатыпчы чоң кызды көйүп шүйүп кайбадымбы, - 4 жаштагы Байбол (фото)
28.01.2017Бала тили — бал: Тиги көчөдө жашаган Таттыбүнү сүйөм, - 5 жаштагы Элнур (фото)
31.01.2017Бала тили — бал: Келин болгондо сулуу болуп жүрөт, анан жумуш кылат, - 4 жаштагы Зейнегүл (фото)
02.02.2017Бала тили — бал: Апамдай кыздар жагат, - 5 жаштагы Алихан (фото)
06.02.2017Бала тили — бал: Чоңойгондо ата болом, - 4 жаштагы Алихан (фото)
07.02.2017Бала тили — бал: Сүйүү деген сүйүп калуу, - 5 жаштагы Эржан (фото)
13.02.2017Бала тили — бал: Кетчи, өппөчү деп ыйлагам, - 6 жаштагы Ариет (фото)
15.02.2017Бала тили - бал: Жакшы адамдар дайыма күлүп жүрүшөт, - 6 жаштагы Самира (фото)
17.02.2017Бала тили — бал: Ыйыскелдиге тиет окшойм, ал мага жагат, - 4 жаштагы Саида (фото)
03.03.2017Бала тили — бал: Интернеттен оюн көчүйсөм атам удайытетип коет, - 3 жаштагы Жоомарт (фото)
10.03.2017Бала тили — бал: Чоң энемдин сүйгөнү чоң атам, - 4 жаштагы Али (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×