При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.92    77.55    1.17    KZT 0.21

Элдик уламыш: Кызгалдак гүлүнө оронгон Кызыл-Абад айылы

Turmush -  Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Абад айылы кызгалдак гүлүнө бай. Анын аталышы дагы ушуга байланыштуу. Жаз алды менен жердин бети кызыл гүлгө оролуп тургандыктан, жолоочулар кызыл гүлдүү айыл деп атап келишкен. Бул тууралуу аталган айылдын 84 жаштагы тургуну Бааркан Пазылова айтып берди.  

«Отуз-Адырдан Кызыл-Абад айылына бурулуп кирип келе жатканда айыл алыстан кыпкызыл болуп көрүнүп турчу. Мурун жергиликтүү тургундар кызыл гүлдөр жайнап турган айыл деп суктанып келишкен. Ошондон улам алгач Паркыр-Абад деп аташкан. Убакыттын өтүшү менен ооздон-оозго өтүп, Кызыл-Абад болуп өзгөргөн. Айылда булактар дагы көп. Булак, Сасык-Булак, Котур-Булак булактары дарылык касиети менен айырмаланып келет. Денеге чыккан жараларды айыктырууга да жардам берет», - деди Б.Пазылова.

Айылдын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет. Учурда калктын саны 1 миң 398 адамды түзүп, 283 кожолук бар.

кызыл1

кызыл

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1288
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×