Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Улуу Жеңишке 72 жыл: Россиялык 90 жаштагы ардагер П.Барсуков Жеңиш майрамын атайын Таласта тосту (фото)

Turmush -  Россиялык 90 жаштагы ардагер Петр Барсуков Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын Таластан тосту. Аймактык кабарчы ардагер ата менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таласта өсүп, кийин Россияга көчүп кеткен. Жаш кезинде энергетик болуп, Кырк-Казык, Талас ГЭСтерин курган. Талас ПЭСинде 4 жыл жетекчи болуп эмгектенген. 1941-жылы согушка аттанып, согуш аяктагандан кийин 7 жыл флотто кызмат өтөгөн.

Өмүрлүк жубайы Любовь Барсукова менен Таластан таанышып, 1958-жылы баш кошкон. Экөө 3 уул, 1 кыздуу болушкан. 1993-жылы балдары Красноярскка кеткен. Жубайы экөө балдарынын артынан 1995-жылы барган. Ардагер андан бери биринчи жолу Улуу Жеңишти утурлай атайын Таласка келди.

«Атам Таласка келгенде маанайы көтөрүлүп, кусалыгын, сагынычын таратып жатат. Эски досторун, коңшуларын көрүп аябай сүйүндү. Майрамдан кийин кайтабыз», - деди аксакалдын кызы Галина Барсукова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4222
Көп окулду
×