При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Светлана Евдакова жаракаттарына карабай кыз куумайга түшүп келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Светлана Евдакова 14 жашынан бери кыз куумайга түшүп, үйүндө 4 ат багып келет. Аймактык кабарчы чабандес айым менен таанышты.

Анын айтымында, кыз куумай кооптуу оюн.

«Чоң энем Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында жашаган. Үйүнүн жанында ат сарай бар болчу. Аттарды жакшы көрүп, ат үстүндө жүрчү. Аттарды жакшы көрүү мага дагы өтсө керек дейм. Биринчи атымды 11 жашымда сатып беришти. Өзүм менен кошо чоңойду десем болот. 14 жашымда ат майданда ат үстүндө жүргөнүмдү машыктыруучум Чубак Үмөталиев көрүп, «атты жакшы чабат экенсиң, кыз куумай оюнуна түш» деп сунуш кылды. Мен макул болуп ошондон бери кыз куумайга түшүп калдым. Спорттун бул түрү коркунучтуу. Бир туура эмес кыймыл болсо жаракат алып калышың мүмкүн. Кээ бирөөлөр аттан бир кулагандан кийин коркуп, кайра барбай калышат. Мен бүтүрүүчү классымда белимен жаракат алып, 2 ай төшөкө жатып калдым. Кайра тиземен жаракат алып андан дагы узакка жатып калдым. Андан бөлөк дагы көп жаракат алам. Бирок аттарды жакшы көргөнүмдөн кайра эле аларга бара берем», - деди ал.

Светлана айым азыр үйүндө Мили, Байкал, Лиса, Грация аттуу жылкыларды багат.

«Аларды күнүнө тазалап, бастырып даярдайм. Жетишкендиктерибиз көп. Алардын бири Курманжан датканын мааракесинде Таластан 5 кыз тандалып алынып, 2-орунду алганбыз», - деди ал.

Чабандес айым Скрябин атындагы Агрардык институттун зоотехник бөлүмүн 2011-жылы аяктап, 2012-жылы Талас шаарына келин болгон. Жолдошу экөө 1 уулду тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2138
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
jainaktegin
15:29, 15 мая 2017
Азамат кыз!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×