Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Билим АКИpress'тен сүрөт сынак: Кыргызстандагы эң сулуу мугалим кайсы мектепте?

Turmush -  Мугалим — мөмөлүү дарак. Ооба, мугалимдер окуучуларга билим гана бербестен, мээрим төгүп, үлгү болуп, жаш муунга жол көрсөтүп келет. Ар бирибиз билим алган уябызды жана сүйүктүү мугалимдерибизди унутпайбыз.

Балдарга мээрим төгүп, мектепке жылуулук тартуулаган сулуу мугалимдер арасында Билим АКИpress басылмасы сүрөт сынагын жарыялайт. Урматтуу окурмандар, сиз сүйүп, сыйлап, жакшы көргөн мугалимдин сулуу, мээримдүү, сүйкүмдүү жүзүн көпчүлүккө даңазалаңыз. Адатта жогорку класстын окуучулары, кесиптештери сулуулугуна суктанган мугалимдер көп эмеспи.

Сиздер менен бирге сүрөт сынактын жыйынтыгы аркылуу жаңы окуу жылынын башталышында Кыргызстандагы эң сулуу мугалимди аныктайбыз.

Эң сулуу мугалимдердин сүрөттөрүн «сүрөт сынакка» деген белги менен bilim.akipress@gmail.com дарегине же (0554) 20 29 46 номуруна WhatsApp аркылуу жибериңиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5934
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×