При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: 47 жаштагы Н.Бабыров күнөскана иштетип, айына 15 миң сом киреше таап жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Чарба айылынын 47 жаштагы тургуну Бабыров Нурлан үйүнүн короосуна чакан күнөскана куруп, бадыраң өстүрүп баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дыйкандын айтымында, ал атайын Бишкек шаарына барып, күнөскана куруу жана анын ичине жер-жемиштерди өстүрүү боюнча 4 ай окуудан өтүп келген.

«Жазында чакан жерге 100 миң сомдун тегерегиндеги каражатка күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп баштадым. Күнөскананын жумушу абдан оор, андагы бадыраңдарды жаш баладай карап турушуң керек. Күнөскананын ички температурасы кышкысын +15 градустан кем эмес болуусу зарыл», - деди ал.

Дыйкан күн алыс күнөсканадан 30 кг бадыраң алып, анын килограммын базар баасы менен 50 сомдон саткан.

«Дүкөндөргө 35 сомдон таратып жаттык. Болжол менен айына 15 миң сом таза киреше түшүп турду. Бадыраңдарды күн алыстан сугарып, терип турабыз. Буйруса чакан күнөсканамды чоңойтуп, бадыраң, помидор өстүрөйүн деп жатам», - деди ал.

Дыйкан учурда жубайы Райла менен бирге 3 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 835
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:48,   19.08.2017   ( 9 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу