При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Төрөгазы 50 сотых жерден 3 күн сайын 100 чака кулпунай алууда (фото)

Turmush -  Талас районундагы Көк-Токой айылынын 22 жаштагы тургуну Төрөгазы Нуркан уулу үйүнүн короосуна чакан күнөскана куруп, бадыраң жана гүлдөрдүн түрүн өстүрүп баштады. Мындан тышкары 2 жылдан бери 50 сотых жердеги кулпунайдан жакшы киреше табууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Күнөсканадагы жер-жемиштерди кыш жана жаз мезгилинде өстүрдүм. Аны курууга кеткен каражаттын 50%ын гүлдөр актап берди. 2016-жылы кулпунайдын "черный принц" сортун 50 сотых жерге отургуздум. Биринчи жылы отургузган кулпунайлар көп мээнетти талап кылды. Жаңы тиккенде түшүм байлабайт экен. Кийинки жылы кулпунайлар жакшы гүлдөп, түшүмүн бере баштады. Күнүгө 30 чакадан кулпунай алып, кышка чейин тердик. Быйыл 3 күн сайын 10 литрлик чака менен терип жатабыз. Жалпы 100 чака кулпунай алабыз. Түшүмдү тергенден кийин сугарып, отоо чөптөрдөн арылтып турам. Алгач кулпунайдын 1 кг 50 сомдон өткөрсөк, бүгүнкү күндө 30 сомдон сатып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×