При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө көп жылдан бери вагондо жашаган 8 балалуу үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү үй 20 сотых жери менен берилди (фото, видео)

Turmush -  Түп районуна караштуу Михайловка айылында вагондо жашаган көп балалуу үй-бүлөгө айыл өкмөт тарабынан курулуп бүтө элек 3 бөлмөлүү үй жана өкүлчүлүктөн материалдык жардам берилди.

Буга чейин Turmush басылмасы 8 баланы тарбиялаган жубайлар Адыл Апраев менен Надира Шакенова жардамга муктаж экенин маалымдаган. Андан кийин бул маселе өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан көзөмөлгө алынып, аталган үй-бүлөгө Михайловка айыл өкмөтү тарабынан кароосуз турган 3 бөлмөлүү үй 20 сотых жери менен тапшырылды. Учурда А.Апраев берилген үйдү оңдоп-түздөп, суу киргизүү иштерин жүргүзүүдө.

Жубайлар Адыл Апраев менен Надира Шакенованын 8 баласы бар. Алардын үчөө кыз болсо, бешөө уул. Эң улуу кызы 10-класста окуса, эгиздер Рамазан менен Раянанын төрөлгөнүнө бир ай толду.

 

Буга чейин Н.Шакенова алардын үй курууга шарттары жок экендигин билдирген.

«Үй курууга азырынча шартыбыз жок. Жолдошумдун туруктуу иши жок болгонуна байланыштуу кээде иш чыга калганда гана иштеп келгени болбосо, үйдө балдарды каралашат. Биз «Орион» багбанчылык коомуна тийиштүү вагондо 2008-жылдан бери жашап келебиз. Балдарыбыз биринин кийимин экинчиси кийип чоңоюп жатышат. Алар элге пайдасы тийген кесип ээлери болуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүнү кыялданышат», - деген Н.Шакенова.

Алар балдар үчүн мамлекет тарабынан берилген жөлөк пулга керектүү азык-түлүктөрдү алышат.

«Улуу кызыбыз Сезим 10-класста окуйт. Ал окуудагы жетишкендиктери үчүн мектептин президенти болгон. Андан кийинки балдарым Ислам 3-класста, Баэль 2-класста, Эламан 1-класста окушат. Алар күн сайын 3 чакырым жолду жөө басып, Михайловка айылындагы Тарас Шевченко атындагы орто мектептен окуп келишет. Балдар үчүн жөлөк пул алабыз. Ал күнүмдүк тамак-ашка жумшалат», - дейт ал.

Эгиздерин операция жолу менен төрөгөн 34 жаштагы эне айыл аймактын жетекчилиги 400 сом сүйүнчү бергенин айтып, «Баатыр эне» наамын ала электигин белгилеген. Ал эми, Адыл Апраев жер тилке алуу үчүн арыз жазып, кезекке турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу