Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Таласта өрт өчүрүү кызматынын 91 жылдык мааракеси белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде ӨКМдин өрткө каршы кызматынын 91 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас облустук өрткө каршы кызматынын өрттүн алдын алуу боюнча башкы инспектору Уларбек Тамабаев билдирди.

«Быйыл 91 жылдык мааракебизди белгилеп жатабыз. Иш-чарага облустук администрациянын жетекчилери, өрт өчүрүү кызматынын 36 ардагеринин ичинен 25 ардагер жана 100гө жакын кесиптештер катышты. Профсоюз агенттиги тарабынан 6 ардагерибизге төш белгилер тагылды. Кесиптештерим дагы «Мыкты кызматкер» төш белгиси менен сыйланып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1152
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×