Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Фото - Таластагы катуу шамалдын чыгымы 86 миң сомго жетти

Turmush -  Талас шаарындагы катуу шамалдан болжол менен 86 миң сомдук зыян келтирилди. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери улантылып жатат, деп билдирди бүгүн, 16-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Талас шаарында 14-июнда саат 17:50дөн 18:40ка чейин катуу шамал болгон. Метеорологиялык станциянын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге чейин жетти. Адамдар жабыркаган жок.

Шамал учурунда 2 турак үйдүн чатыры, «Талас» электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын 75 шифери жана унаа токтотуучу жайдын чатыры учуп кеткен. Ошондой эле, «Теремок» бала  бакчасынын имаратына терек кулап, терезенин айнектери сынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×