Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абад медициналык колледжи заман талабындагы адистерди даярдайт

Turmush -  Замандын талабындагы адистерди даярдаган Жалал-Абад медициналык колледжи алгачкы окуу жайлардын бири. 

Медициналык колледж 1939-жылдын 26-мартында Кыргыз ССР КП БКнын чечими менен Жалал-Абад   медициналык мектеби болуп ачылган. Медициналык мектеп Кыргыз ССРнин Саламаттыкты сактоо министрлигинин 1954-жылдагы №102 буйругунун негизинде медициналык окуу жай болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2009-жылдагы №639 буйругунун негизинде Жалал-Абад медициналык колледжи болуп аталып калган.

А 6

Жалал-Абад медициналык колледжи Кыргызстандын түштүк аймагындагы алгачкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Колледжден бүгүнкү күнгө чейин 30 миңден ашуун ак халатчан адистер бүтүп чыкты. Алар Кыргызстандын бардык региондорунда эмгектенүүдө. Элдин ден соолугун сактоого ак эмгек өтөгөн колледждин бүтүрүүчүлөрү миңдеп саналат.

1973-жылы учурдун талабына жооп берген үч кабаттуу окуу имараты, төрт кабаттуу эки жатакана курулган. Окуу имаратында студенттер билим алуу үчүн бардык шарттар бар. Сабактар мыкты жабдылган окуу куралдарынын жардамында көрсөтмө куралдар менен өткөрүлөт жана студенттердин теориялык билимдери практика жүзүндө бышыкталып турат. Окуу жайда 2 окуу-өндүрүштүк базалар ачылган. Мында предмет боюнча окуу-тренажердук, тиш салуу жана дарылоо, процедуралык, таңуу  кабинеттери бар. Ошондой эле, окуу дарыканасы, дары даярдоочу залы, клиникалык лаборатория иштейт. 2017-жылдан баштап клиникага чейинки база жаңы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жатакананын 2-блогуна көчүрүлүп иштеп жатат. Учурдун талабына ылайык 2 компьютердик кабинет интернет түйүнү менен байланышкан.

А 7

Студенттер үчүн студенттик поликлиника ачылды

Окуу жайдагы студенттер жатакана менен камсыз болушат. Жалал-Абад медициналык колледжинин директору Мусаев Салахидин Исмаиловичтин жетекчилиги менен жатаканада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, студенттер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Ден соолукту чыңдоо үчүн профилакторий иштеп, студенттерди 3 маал тамак менен камсыз кылат. Андан сырткары, студенттер үчүн студенттик поликлиника ачылган.

Сергек жашоо өмүрдүн булагы дегендей, студенттер спорт менен ден соолугун чыңдашат. Бул үчүн спорттук, тренажердук залдар, спорт аянты иштейт. Окуу жайда кесиптик багыттан сырткары студенттердин кызыгуусуна жараша адабий, ыр-бий жана чеберчилик ийримдери ачылган. Ошондой эле, чыгаан студенттер менен «Тамашоу» сынагы өткөрүлүп, атайын «Медикал+» командасы түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө окуу жайда сегиз адистик боюнча өмүр сакчылары даярдалып, 1615 студент билим алууда. Студенттер бюджеттик негизде жана келишимдик акы төлөп окушат.

Бөлүмдөр:

- Дарылоо иши (фельдшер) бөлүмү – өзгөчө жоопкерчиликти талап кылган адистик. Фельдшердик-акушердик пунктта жетекчи болуп иштеп, элдин саламаттыгын сактоого чоң салым кошот. Өз алдынча ооруну аныктап, оорулууну дарылап, алгачкы медициналык жардам көрсөтө алат.

- Акушердик иш – эл арасында кадыр-барктуу, «умай эне» «киндик эне» аталып келген акушерлерди даярдайт. Акушерлер негизинен төрөт үйлөрүндө, гинекологиялык бөлүмдөрдө, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, фельдшердик-акушердик пункттарда кызмат кылуу үчүн даярдалат.

- Медициналык-профилактикалык иш (санитардык фельдшер) бөлүмү – санитардык-фельдшер, санитардык дарыгердин жардамчысы катары ооруларды алдын алуу, дезинфекция иштерин жүргүзүү, лабораториялык иштерди аткаруу менен коомдук мекеме-ишканаларга, тамактануучу жайларга мамлекеттик санитардык көзөмөл жүргүзөт.

- Стоматология бөлүмү – Стоматология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү тиш дарыгери катары балдарга жана чоңдорго стоматологиялык жардам беришет.

Алар:

- тиш дарылоо диагностикасын;

- санитардык-профилактикалык (санация) иштерди жүргүзөт.

- Фармацевтикалык бөлүм – фармацевттин негизги милдети – рецепт боюнча жогорку сапаттагы дары жасоо, элди дары-дармек, дары өсүмдүк сырьелору, санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу. Элди керектүү дарылар менен камсыз кылуу – элдин ден соолугун сактоого чоң салым болот.     

- Сестралык иш адистиги – бүгүнкү күндө медицина тармагында негизги орунду ээлейт. Медайымдар сыркоолордун эң жакын адамы, сырдашы, дарыгердин орун колдон, жеңилин жерден алган жакын жардамчысы болуу менен гана чектелбестен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стратегиясына ылайык дарыгерге чейинки диагноз коюп, өз алдынча дарылай алат. Бүтүрүүчүлөр эл аралык стандарт боюнча билим алышат жана шериктеш мамлекеттерде жумушка орношо алат.  Окууну ийгиликтүү аяктагандар КММАда ачылган «Жогорку билимдүү сестралык иш адиси» факультетинен окуусун уланта да алат.

- Лабораториялык диагностика бөлүмү – лабораториялык диагноз бейтапка туура диагноз коюунун негизи болуп саналат жана оорулуунун туура дарылануусуна шарт түзөт. Диагноздун так коюлушу 50% сакайганга тете. Фельдшер-лаборанттар клиникалык, биохимиялык, бактерологиялык лабораторияларда лабораториялык аныктоо ишин жүргүзүү үчүн даярдалат.

- Стоматологиялык-ортопедия бөлүмү – бул бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү тиш техниги адистигин алуу менен ар түрдүү материалдардан тиш протездерин жасоого, бет-жаак протездерин даярдоо боюнча кесиптик ишмердүүлүккө үйрөнөт. Саламаттыкты сактоо уюмдарына стоматология профилиндеги тиш  технигин даярдайт.

.
Жалал-Абад медициналык колледжи дүйнөлүк стандартка жана заман талабына жараша төмөнкү адистиктерди даярдайт:  

1.      Дарылоо иши – окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай;

2.      Акушердик иш – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;

3.      Медико-профилактикалык иш – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;

4.      Стоматология – окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай;

5.      Фармация – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;

6.      Сестралык иш – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;

7.      Лабораториялык диагностика – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;

8.      Ортопедиялык стоматология – окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай;  

Адамдын сулуулугу – анын ден соолугунда! Ден соолуктун сакчысы болуу – түйшүктүү жана барктуу кесип!

Жалал-Абад медициналык колледжинин дареги: Жалал-Абад шаары, Курорт көчөсү №2, тел.: (03722) 5-41-13, E-mail. Medical-jmk@mail.ru.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4645
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×