Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда классташын өлтүрүүгө шектелип, 10 жылга кесилген окуучу Жалал-Абаддагы абакка которулду

Turmush -  Кадамжай районунда классташын өлтүрүүгө шектелип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылган окуучу Жалал-Абаддагы балдар абагына жеткирилди. Мындай өкүмдөн кийин Баткен облустук сотуна апелляциялык арыз берилбегенин өздүк булактар кабарлады.

Кадамжай райондук сотунун билдирүүсү боюнча, Марказ айыл аймагындагы К.Саттаров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу М.А. классташы Ж. уулу Э.ге таандык 4400 сомдук «Fly» үлгүсүндөгү уюлдук телефонду, 300 сомдук флеш-картаны, 50 сомдук сим-картаны, жалпысынан 4750 сомдук буюмдарды уурдап алган. Буюмдарын уурдаткан Ж. уулу Э. ага барын кайтарып бербесе милицияга кайрыларын билдирет. М.А. аны сүйлөшөбүз деп, Көк-Талаа айылынын күн батыш тарабындагы үлүш жерге ээрчитип барган. Ал жерден экөөнүн талашы чырга айланып, шектүү жерде жаткан кырдуу таш менен Ж. уулу Э.нин башын жанчып өлтүрүп, жансыз денени жүгөрүнүн арасына жашырып салган.

Окуучу баланын денесин Көк-Талаа айылындагы талаадан 5-февралда табышкан. Анын өздүгү такталып, К.Сатаров атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу экени белгилүү болгон. Шектүү катары кармалган окуучу 3 жыл мурун атасынын киши колдуу болуп каза болгонун көргөн. Ал эми апасы Россиянын Москва шаарында иштеп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1360
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×