При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Фото - Ноокенде 18 үй-бүлө 3 айдан бери электр энергиясы жок жашап келет

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын Ношкен айылынын Кайырма участкасындагы 18 түтүн 3 айдан ашык убакыттан бери электр жарыгы жок жашап келет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы 3 жылдан бери жаз мезгилинен тарта электр жарыгын өчүрүү адатка айланып калды. Былтыркы жылы да мындагылар 8 ай электр жарыгысыз күн кечиришкен эле. Мындай көрүнүшкө калктын жайыт жерлерге өз алдынча үй салып алышканы, документтеринин жоктугу себеп болууда.

Маалым болгондой, Кайырма участкасына үч үй-бүлө мал-жандыктарын кароо үчүн отурукташуудан башталган. Чек арага чектеш аймактагы жайыт жерлерге жашоочулар негизинен 1983-1985-жылдары отурукташып баштаса, учурда турак жай тургузгандардын саны 18ге жетти.

Ал жердеги беш үй-бүлө гана үйлөрүнө документ даярдаган, калгандарынын колунда жеке менчик экенин далилдеген эч кандай документтери жок. Жердин категориясы да калктуу конушка ылайыкташкан эмес. Ушул абал жашоочулардын жарыксыз жашоо кечиришине себеп болууда. Дал ушул аймакта 15 жылдан бери жашап жаткан Гүлсара Султанбаева жарыксыз жашоодон калк кыйналып калганын айтат.

«Бул жерде жашагандардан беш түтүн гана үйүбүзгө кызыл документ алганбыз. Мен жакында эле айыл өкмөттүн жардамы менен документимди бүтүрдүм. Чынында 15-20 жылдан бери эле үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болуп келгенбиз. Акыркы 3 жылдан бери «документиңер жок, өз алдынча бул жерди басып алгансыңар» деп, жарык берилбей жаткандан улам баары үйлөрүнө документ даярдоого аракет жасап жатышат. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жатабыз, былтыр ыйгарымдуу өкүл келгенде электр энергиясы берилген эле. Баардык көйгөй документтин жоктугуна такалууда. Суранып жүрүп кышкысын жандырабыз, жаздан тарта кайрадан жарыгы жок жашоо башталат. Үч жылдан бери жарыксыз жашоодон калк кыйналып бүттү. Жылдап топтогон отундарыбыз да түгөндү, аргасыз эшик алдына эккен дарактарды кыркып, отун кылып жатабыз. Мага окшогон оорулуулар, жаш балалуулар, кары-картаңдар түнү кыйналып жатышат. Айрыкча түнү ооруганда кыйналабыз. Биздин маселе эртерээк чечилсе жакшы болот эле», - дейт Г.Султанбаева.

Жашоочулар ырастагандай, калк мындагы аймакта жайгашкан «Эгемен 1» насостук станциядан электр жарыгын алып, коммерциялык баада, тактап айтканда 1 кВт саатка 2 сом 21 тыйындан төлөшкөн. Бул суммага деле калк нааразы эмес. Алар үчүн негизгиси электр жарыгы үзгүлтүккө учурабаса болду. Аба чубалгылары талапка жооп бербейт дегендиктен акча жыйнап, мамыларды орнотушуп, өздөрү чубалгы тартып, насостук станцияга улашкан. Бирок, бул станция эгин талааларына суу бере баштаган учурдан тарта калкка жарык берүүнү токтоткон. Эми калк негизинен шам чырак менен, пахтаны майга майлап жарык кылып жашоо кечиришүүдө.

«Цивилизациядан артта калдык, өлкөдө эмне болуп жатканын билбейбиз, уюлдук телефондордун батарейкасын кубаттандыруу үчүн коңшу айылдарга барабыз», - деген жергиликтүүлөр бийликтен жардам күтүшөт. Деген менен уруксатсыз курулган үйлөргө линия тартып, жарык берүүгө мыйзам жол бербей турганын тийиштүү тараптар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, облустук бассейндик суу чарба башкармалыгына караган «Эгемен 1» насостук станциядан калкка электр жарыгынын берилүүсү негизи мыйзамга туура келбейт, жарык берүү мүмкүн эмес. Экинчиден кокус электр жарыгы өчүп калса, насостук станциядагы миллиондогон сумманы чапчыган тетиктер күйүп кетүүсү мүмкүн. Андай учур катталса гектарлаган эгин талаалар суусуз калышы мүмкүн. Ошондуктан да облустук бассейндик чуу чарба башкармалыгы калкка жарык берүүдөн баш тартып келет.

«Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы «Дружба» көмөкчү чордону насостук станцияга жана бир фидери 17 кожолукка электр энергия бөлүп берчү. Аталган 17 кожолук жайыт жерин мыйзамсыз ээлеп, өздөрү үй салып алгандыктан, турак жайларынын тиешелүү документтери, кызыл китептери жок. Бул электр энергиянын колдонуу эрежесине туура келбегендиктен, электр жарыгын берүү токтотулган. Буга чейин насостук станцияда коюлган электр эсептегич аркылуу гана келген.

Жергиликтүү тургундар тиешелүү документ даярдап, Ноокен райондук электр тармактар ишканасы менен мыйзамдуу түрдө келишим түзсө эле, биз электр энергия беребиз. Буга чейин облустук бийлик менен «Жалалабатэлектро» ААКга тиешелүү адистер жерине барып, түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүп, турак жайына документ даярдоону эскертишкен. Бүргөндү айыл аймагынын башчысы А.Сатыкуловдун билдирүүсүндө, жергиликтүү бийлик Кайырма участкасындагы турак үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүп жатат. Эми ал аймактагы сугат жерди калктуу конушка трансформация кылуу аракети көрүлүп жатат», - деп айтылат.

Бүргөндү айыл өкмөтү Өзбекстандын Наманган, Анжидан облусу менен чектешет.

«Турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча иш алып барылууда. Сентябрь айына чейин дагы 10го жакын үй-бүлөнүн документи бүтүп калат. Ал эми жердин категориясын турак жайга өткөрүү боюнча да тийиштүү тараптарга сунуштар жөнөтүлүп, анын үстүндө иш жасалууда. Быйыл деле сүйлөшүү аркылуу насостук станциядан алып турабыз. Андагы аймакка электр жарыгын тартып баруу үчүн бир көмөкчордон орнотуп, 10 киловольттук линия тартып баруу керек, ал үчүн 400 миң сом сарпталат экен. Анча каражат табуу да кыйын болуп турат», - дейт айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу