Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдо студенттердин түнкү фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 7 облустагы окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда түнкү фестиваль өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестиваль К.Тыныстанов атындагы ЫМУ тарабынан уюштурулуп, ар бир окуу жайдын студенттери өз аймагын даңазалаган тамак-аш бышырып, бири-бирине даам таттырышты. Таланттуу студенттер ыр-бий тартуулап, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар да уюштурушту.

Фестивалда ОшМУнун студенттери ыр ырдоо боюнча айырмаланса, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өкүлдөрү өзгөчө тамак жасады. Аталган окуу жайдын студенти Жылдыз Даниярова «өзгөчө дымдама» деп аталган даамдын кандайча даярдалганын айтып берди.

Анын айтымында, тамакка баклажан, помидор, капуста, сабиз, картошка сыяктуу жашылчанын бардыгы колдонулат. Алардын ичи тазаланып, фарш менен толтурулат. Бул тамак азыр Жалал-Абадда белгилүү болуп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 894
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×