Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суудагы «Хан Теңир» паркына чет элдиктер акы төлөп кириши керек, - парктын кызматкери (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы «Хан Теңир» жаратылыш паркына чет элдиктер акы төлөп кириши керек, деп эсептейт аталган сейил бактын егери Марат Өмүрбеков.

Анын айтымында, 2016-жылы түзүлгөн мамлекеттик жаратылыш паркынын аянты 3000 гектар. Ал өлкөдөгү эң чоң парк жана анда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар бар.

«Биз жобого таянып, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы менен биргеликте иштейбиз. Парк уюшулганга чейин айыл өкмөттөр алыскы жайыттарды көзөмөлгө алчу эмес. Ошол убакта 7-8 туристтик фирмалар бул аймак аркылуу өздөрүнө гана пайда түшүрүшкөн. Азыр биз парктын аймагында туризмди өнүктүрүүгө аракет жасайлы деп жатабыз. Ал аркылуу мындагы жолдор, көпүрөлөр салынып, тазалык маселеси жана башка көйгөйлөр чечилет. Азырынча кирүү акысы боюнча так бир чечим чыга элек.

Ошентсе да, менимче, чет элдиктерден 5 миң сом алуу чоң сумма алганга жатпайт. Себеби, парктын аянты өтө чоң, экинчиден, мындай төлөм туристтердин бир убакта көп келбешине да шарт түзөт. Чет мемлекеттерде деле мындай парктарда акы төлөнөт. Биздин ыйык жерибизди жөн эле тебелете бербешибиз керек. Эгер турфирмалар биздин жаратылыш менен акча тапкысы келсе, жергиликтүү элдин дагы талабын ойлоп, калктын социалдык абалынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшү кажет. Бул дүйнөлүк практикада бар. Баалар биздин агенттик, туристтик фирмалар жана Монополияга каршы мамлекеттик кызматы менен биргеликте түзүлүшү кажет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1080
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×