Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Фото - Кадамжайда 1 тонналык бука 150 миң сомго сатылды

Turmush -  Кадамжай районунда салмагы 1 тоннадан ашык бука 150 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Ак-Турпак айыл аймагындагы «Миң чынар» асыл тукум фермердик чарбасынын ээси Акжол Имаров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, буканын бою 170 см чейин жеткен. Касапчылар букадан сөөгүнөн тышкары 600 кг таза эт алууга боло турганын айтышкан.

«Бул буканы 4 жыл мурун Бишкек шаарындагы чарбадан алып келгем. Аны менен бирге 50 баш кунаажын жана 1 баш бука алгам. Бүгүн сатылган бука «Ала-Тоо» породасынан. Ал өтө бат чоңойду. Күнүнө 10 кг жүгөрү, арпа жана башка жемдерди жеп турчу.

Учурда фермердик чарбамда асыл тукум малдардын саны 100дөн ашты», - деди Акжол Имаров.

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдирген маалыматка ылайык, райондун аймагында акыркы 4 жылда биринчи жолу 150 миң сомго бука сатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×