Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Талас районундагы Жергетал—Калба унаа жолу 6,6 млн сомго асфальтталып жатат (фото)

Turmush -  Талас районундагы Жергетал—Калба унаа жолунун 600 метр жерине асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу №19 Жол тейлөө кызматынын жетекчиси Канатбек Дүйшөнов билдирди.

Анын айтымында асфальт төшөө иштерине 6 млн 600 миң сом каралган.

«Бүгүнкү күндө жолду тегиздөө иштери жүрүүдө. Курулуш иштерине 6,6 млн сом каралган. Бул жерге акыркы жолу 25-30 жыл мурун асфальт төшөлгөн. Учурда асфальт жараксыз болуп калган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 950
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×