При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп М.Кулдышев шайланды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп М.Кулдышев шайланды.

Маалым болгондой, кечээ, 16-июнда Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин 28-чакырылышынын биринчи сессиясы өтүп, ага 31 депутаттын бардыгы катышты.

Сессияда алгач Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.К.Тургунбаев жаңыдан шайланган депутаттарды куттуктап, аларга мандаттарын тапшырды.

Андан соң күн тартибинде шаардык кеңештин төрагасын жана коомдук башталыштагы эки орун басарын шайлоо маселеси каралды. Шаардык кеңештин төрагалыгына 2 талапкер ат салышты. Шайлоо жашыруун-жабык добуш берүү менен өткөрүлдү.

Жыйынтыгында 16 добуш менен М.С.Кулдышев төрагалыкка шайланды. Ал эми, анын коомдук башталыштагы орун басарлары болуп, депутаттар С.С.Бабатаев жана А.Т.Мамасалиева шайланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу