При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.92    77.55    1.17    KZT 0.21

Чүй облусунда «Шалта» каналынын курулушу менен 700 гектарга сугат суу жеткирилет (фото)

Turmush -  Чүй облусу боюнча быйыл 700 гектар жерге сугат суу жеткирилет. Бул боюнча өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул 700 гектарга суу жеткирүү Сокулукта «Шалта» каналын куруунун натыйжасында ишке ашат.

«Жакында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы жактырылып, ага 58,8 млрд сом бөлүнүп, 65,7 миң гектардан ашык жаңы сугат жер ишке кирмей болду. Жерди суу менен камсыз кылуу 51,6 миң гектарга көбөйүп, 9,5 миң гектар жерди өз алдынча суугаруу системасына өткөрүп, жердин мелиоративдик абалы 50 миң гектарга көбөйөт. Премьер-министр аткарылып жаткан иштин жеринен барып таанышып кайтты» - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×