Turmush - Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 114/2 дарегинде жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн 7-кабатында болжол менен саат 01:15те 100 чарчы метр аянттагы батир толугу менен күйүп кетти.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт саат 02:08 өчүрүлүп баштап, саат 03:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү учурунда 5-кабаттан 10-кабатка чейинки батирлерде жашаган адамдар эвакуацияланган.
Куткаруу кызматынын кызматкерлери 7-8-10-кабаттагы бекилип калган эшиктерди ачууга жардамшкан. Жабыркагандар жок жана өрттүн себеби такталууда.