При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Ө.Текебаев президенттикке талапкерлигин көрсөтөт

Turmush -  Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу Канатбек Азиз социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон. Ал 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган.

Ошондой эле, бул ишке байланыштуу Д.Чотонов 26-февралда суракка чакырылып, камакка алынган.

Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1652
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу