Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Чүй

Сокулуктук тургундар Ат-Башыдагы «Чыны карагат – табигый байлык» фестивалына катышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Жанар Алгажоева Нарын облусунда өткөн «Чыны карагат – табигый байлык» фестивалына катышып келди. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

«16-июнда Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыӊды айылында «Чыны карагат – табигый байлык» фестивалы өттү. Бул иш-чара аталган айылдагы Ой-Терскен орто мектебине уюштурулуптур. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кан донорлору катышты. Фестиваль абдан жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага чейин жоголуп бара жаткан чыны карагатты тоодон алып келип, мектептин айланасына отургузушуптур», - деди ал.

Бул фестивалдын башкы максаты – жоголуп бараткан табигый өсүмдүктүн бири чыны карагатты сактап калуу.

Иш-чара коомдук фонд аркылуу колдоого алынып уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1216
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×