Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Мекендештер: Тиш дарылоо клиникасын ачууну максат кылган Акылбек Астана иштеп жатат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Акылбек Карагулов. Ал 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылында төрөлгөн. Учурда Казакстандын Астана шаарында курулуш материалдарын саткан фирмалардын биринде иштейт. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен кабарлашты.

«Аталган айылдагы Болот Алаков атындагы орто мектепти аяктаган соӊ, Нарын медициналык колледжинин стоматология факультетин 2013-жылы бүтүрдүм. Казакстанга келгенимдин максаты — Акылбек тиш дарылоо боюнча жеке клиника ачуу. Аны ишке ашыруу үчүн учурда каражат топтоп жатам.

Ал эми бул жерге тааныштарымдын чакыруусу менен келип, курулуш материал саткан дүкөндө иштеп жатам. Айына 120 миӊ тенге (26 миң 400 сом) маяна алам. Келгенден бери кыйынчылык деле көргөн жокмун. Курулуш каражаттары Кыргызстанда кымбатыраак болот экен. Анткени, бизде эч нерсе өндүрүлбөйт жана жалаӊ Кытайдан, Россиядан, Кытайдан өндүрүлгөн курулуш материалдар сатылат. Бош убактымда тааныштарым менен шаар аралап, эс алабыз», - деди ал.

А.Карагулов үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×