Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Ноокатта күйөөсүнө таарынып, дайынсыз жоголгон келин табылды

Turmush -  Ноокат районунда күйөөсүн кызганып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон изделип жаткан 21 жаштагы келин табылды. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлангандай, күйөөсүнө таарынган келин досунун үйүндө жүргөн. Учурда аны күйөөсү үйүнө алып кетти.

Буга чейин күйөөсүн биринчи аялынан кызганган келин 15-июнда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени маалымдалган. Анын жолдошу 38 жашта.

«Күйөөсү биринчи турмушунан 1 кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Ал кызын өзү багып жаткандыктан мурунку жубайы кээде алардын үйүнө барып, кызынан кабар алып турат. Келин андан кызгангандан улам телефондорун өчүрүп, үйүнөн чыгып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3310
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×