
Turmush - Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп Мадумаров Акрам Камбаралиевич дайындалды.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 19-июнда басма сөз кызматы жарыялады.
А.Мадумаров 2013-жылдын апрель айынан бери Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп эмгектенип жаткан.