Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Кызыл-Кыя шаарында «Пешеход» иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Баткен облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу үчүн аптанын дүйшөмбү жана жума күндөрү «Пешеход» рейддери өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган рейд 16-июнда Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлдү. Патрулдук милиция кызматкерлери өспүрүмдөргө шаар аймагындагы кооптуу жолдордо жүрүүнүн эрежелерин айтып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кызыл-Кыя шаарында 5 ай ичинде 11 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган. Анын ичинен өспүрүм катышкан 2 жол кырсыгы катталган.

Аталган рейд ИИМдин №421 буйругунун негизинде өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 702
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:42,   19.10.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×