Turmush - Баткен облусунда Рамазан айына карата президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ооз ачыруу иш-чаралары өткөнүн аймактык кабарчы билдирди. Облуска президенттин атынан анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов келип, элди ыйык орозо айы менен куттуктап, өлкө башчысынын жылуу каалоо-тилектерин жеткирди.
Ооз ачыруу иш-чараларына облустун бардык аймактарынан келген жашоочуларга Абдышүкүр ажы Нарматов орозо айынын артыкчылыктары тууралуу айтып берди.