При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Ак-Суунун Тепке жана Боз-Учук айылдарындагы мектептер кооптуу болууда

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке жана Боз-Учук айылдарындагы мектептердин имаратында окуучуларды окутуу кооптуу болууда. Бул тууралуу облустук билим берүү институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Тепке айылындагы орто мектептин абалы өтө начар. Ал кайра куруу мезгилине чейин «Жыргалаӊ» совхозунун кеӊсеси болуп келген.

«1996-жылдан тартып орто мектеп катары иштеп жатат. Имараттын эсклилиги жетти, класстык бөлмөлөрү тар, билим алууга ыңгайсыз. Ал эми Боз-Учук айылындагы мектептин экинчи имарат ашар жолу менен салынган. Мектеп техникалык талаптарга жооп бербейт. 3-имараты 1964-жылы саман кыш менен салынган, учурда полдору чирий баштады», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу