При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 24-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Баткенде чек арага жакын жерге үй кургандар курулуш иштерин токтотушту

Turmush -  Баткен районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндөгү Чоң-Талаа айылынын тургуну Мурат Кушматов 2013-жылы улуу уулуна үй куруп берүү үчүн кыргыз-тажик чек арасына жакын жерден жер тилке алган. Былтыр 5 бөлмөлүү үйдүн курулушун баштап, учурда бул турак жайдын 90%ы бүтүп калды. Бирок, үй чек арага 300 метр жакын жайгашкандыктан жергиликтүү бийлик тарабынан курулуш ишин токтотуп, көчүү керектигин айтышкан.

«Турак үй чек арага 300 метр жакын деп айтышкандыктан курулуш иштерин токтоттук. Бирок, бизге башка аймактан жер берилиши керек. Бул жерге үй салабыз деп көп чыгым болдук», - деди ал.

2008-жылы чек араны тактоо үчүн кыргыз-тажик бийлигинин ортосунда атайын келишим түзүлгөн. 2013-жылы чек араны эл менен тосуу максатында 27 гектар жер трансформацияланып, чек арадан 300 метр алыстыкта жайгашкан жерден 136 үй-бүлөгө жер тилке бөлүнүп берилген.

Чоң-Талаа айылынын башчысы Асан Жороев бул жердеги тургундарга жер берилсе көчүүгө даяр экенин айтты. «Бизде бош жер тилкелери жок. Эгер башка аймактан жер берилсе тургундар көчө алышат»,- деди ал.

Бул аймакта үйүн бүтүрүп же курулуш иштерин баштап алгандар кайда кайрыларын билбей убара болушууда.

«Жакырчылыкты басаңдатуу» долбоорунун юристи Венера Болтобаева тургандарга башка жактан жер тилке берилиши керектигин билдирүүдө.

Азыркы тапта чек аранын жанында 11 үй-бүлө турак жайын бүтүрүп жашап жатышса, 10 үй-бүлө курулуш иштерин токтууга аргасыз болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 347
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×