При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.92    77.55    1.17    KZT 0.21

Чолпон-Ата шаарынын мэрине кылмыш иши козголду

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын мэрине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук администрациясы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгынын материалдары боюнча текшерүү жүргүзгөн. Аны менен Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын администрациясынын жетекчилиги тарабынан экология боюнча талаптар аткарылбаганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бостери айыл округунун Бактуу-Дөлөнөтү айылынын аймагында жайгашкан таштанды таштоочу жай үчүн берилген жерге мамлекеттик акт түзүлбөгөнү, чоң көлөмдүү жана катуу таштанды таштоого уруксат берүүчү документтердин жоктугу, таштанды таштоочу жайдын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири каралбаганы аныкталган. Бирок, бул жай 1976-жылдан тарта иштеп келген.

Ушул жылдын 24-мартында Мамлекеттик экотехинспекциясы таштанды таштоочу жайдын ишин токтотуу боюнча токтом чыгарган. Бирок, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан бул багыт боюнча чара көрүлгөн эмес жана азыркы күнгө чейин таштандылар ыргытылууда.

Мындай кырдаалды эске алуу менен Мамэкотехинспекциясы Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылып, Чолпон-Ата шаардык мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине карата мыйзамдын талаптарын аткарбаганы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн. Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзгөндөн кийин чогултулган материалдар Ысык-Көл РИИБге өткөрүлүп берилген.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 265-353-беренелери боюнча Чолпон-Ата шаарынын администрациясынын башчысына карата кылмыш иши козголду. Кылмыш иш РИИБ тарабынан иликтенүүдө.

Маалымкат

Учурда Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматын Саралаев Карыбек Аланбаевич ээлейт. Ал бул кызматка ушул жылдын февраль айынын ортосунда шайланган.

Таштанды таштоочу жай айылдын четинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 4 гектарды түзөт. Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы таштанды таштоочу жай Бостери айылдык округуна карайт. Бирок, ал жерге Чолпон-Ата шаарынан да таштандылар ташталат. Аталган маселе боюнча 2010-жылы жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тараптуу келишим түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×