При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: 23 жаштагы Ислам күнүнө 50 тооктун этин тандырга бышырат (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну Ислам Махмутжанов жыл сайын Рамазан айында гана ачыла турган ифтар базарда тандырга бышырылган тооктун этин сатат. Ал үчүн тооктун этин тандырда бышыруу көп деле кыйынчылык жараткан эмес.

Исламдын келечектеги башкы максаты — мыкты ашпозчу болуу.

«Ашпозчулук менин кесибиме айланып бара жатат. Жыл сайын жаңы даамдарды жасоонун сырларын үйрөнүп, келечекте абдан таанымал ашкана түптөгүм келет. Мен алгач балык бышырып саткам. Быйыл өзгөчө нерсе жасайын деп, «тандыр жөжөнү» үйрөнүп келдим. Орозо кармагандар аны жакшы баалашты. Куурулган же атайын меште бышырган жөжөгө караганда тандырда бышкан жөжөнүн даамы өзгөчө болот. Тоок эти кадимки самса бышырылган тандырда бышат», - деди жаш ашпозчу.

Ага өзгөчө даам берүү үчүн алгач этти туздап, татымалдарды кошуп, бир күн муздаткычта сактайт.

«Татымалдар жакшы сиңсе даамы өзгөрөт. Андан кийин 45 мүнөттө тандырга бышырам. Даяр болгондон кийин 100 граммын 40 сомдон баалайм. Бир бүтүн жөжө 400 сомдон сатылып жатат», - деди ал.

Күнүнө Ислам Махмутжанов 50 тооктун этин бышырууга жетишүүдө. Жаш ашпозчу кийинки жылы козунун этин тандырга бышырууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу