Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Ноокенде кооперативдик чарбанын артыкчылыгы даңазаланды

Turmush -  Ноокен районундагы «Ноокен» кооперативдик чарбасынын базасында жеке жана фермердик, кооперативдик дыйкан чарбалардын республикалык семинары болуп өттү. Бул тууралуу аталган кооперативдик чарбанын мүчөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, семинарда кооперативдик чарбаларды уюштуруу, алардын артыкчылыгы жана күзүндө пахтаны пахта терүүчү комбайндардын жардамы менен жыйнап алуу маселеси талкууланды.

Семинарда колхоз жоюлгандан бери жеке дыйкан чарбага бөлүнбөй, кооперативдик чарба болуп иштеп жаткан «Ноокен» кооперативдик чарбасынын дыйканчылыкты уюштуруу, айыл чарба өсүмдүктөрүнөн арбын түшүм алуу, жерди иштетүү жагындагы тажрыйбалары айтылды. Бул чарбада бүгүнкү күндө 465 гектар жер иштетилип, пахта, буудай, беде өстүрүлөт.

Семинарга республика боюнча 200дөн ашык дыйкан жана айыл чарба министри, Ноокен районунун акими катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×