Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Баткенде аскер кызматкерлеринин көп кабаттуу үйүнүн курулушу аяктады (фото)

Turmush -  Баткенде аскер кызматкерлери үчүн 90 батирлүү турак үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, учурда турак үйдүн алдына балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасын жашылдандыруу жумуштары жүрүүдө.

3 кабаттуу турак үй Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын аймагындагы 7,5 гектар жерге курулган.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзияевдин айтымында, жакында бул көп кабаттуу турак үйгө аскер кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен бирге жайгаштырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 774
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×