При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Өзгөндөгү С.Шарипов атындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу башталды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында 90 жыл мурун курулган Салижан Шарипов атындагы орто мектептин башталгыч класстар окуган имараты авариялык абалга келип калган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кошумча имарат курулуп баштады.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 100 орундуу жаңы имараттын капсуласын салуу аземи 16-июнда өтүп, Өзгөн шаарынын мэри Саипжон Пратов катышты. Бул курулушка жергиликтүү бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн.

Салижан Шарипов атындагы орто мектептин башкы имараты 640 орундуу болсо, башталгыч класстардын кошумча имараты 1938-жылы 100 орундуу болуп курулган. Учурда мектептин негизги имаратында дагы жер титирөөдөн пайда болгон жаракалар бар.

Бул окуу жылында аталган мектеп 2 миңден ашуун окуучуга билим берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 610
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу