При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Түптөгү шайыр апалар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан куралган «Сары-Көлдүн асылзат апалары» шайыр апалар тобу концерт тартуулады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Курамдагы 12 апанын улуусу Акунова Акинай апа 80 жашта болсо, эң кичүүсү 50 жашта. Шайыр апалардын репертуарында элдик ырлар, кылым карыткан кыргыз күүлөрү, бешикке салуу ырым-жырымы, тарбиялык жана сатиралык маанидеги интермедиялар жана бийлер бар.

Иш-чаранын аягында айыл өкмөттүн башчысы А.Асакеев менен маданият үйүнүн башчысы М.Атаканова 80 жаштагы Акунова Акинай апага «Кылымдын каарманы», Шакен Баялиева менен Бегайым Коңурбаевага «Эмгек каарманы» наамын, топтун башка мүчөлөрүнө «Даңктуу айым» номинацияларын белектери менен тапшырышты.

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Жаныманова шайыр апалардын активдүүлүгүнө баа берип, бул жамааттын толук курамы менен райондук сынакка катышууга жолдомо берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу