Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Жалал-Абад

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: 30 жаштагы Гүлазим жерге берилди, мугалимдердин бири оор абалда (фото, видео)

Turmush -  Кербен шаарында милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктан каза болгон мугалим Гүлазим Сармырзаеванын туугандары жол кырсык боюнча кылмыш иш акыйкаттуу териштирилбей жатканын айтууда.

Г.Сармырзаеванын кайын эжеси Гүларам Мырзамамытованын айтымында, алар экспертизанын жыйынтыгына нааразы.

Г.Сармырзаева (оң тарапта)

31

«Биз Ж.Бөкөнбаев орто мектебинен борбордук көчөгө чыкканыбызда катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрдүк. Аңгыча «Жигули» унаасы келип, 6 мугалимди сүзүп кетти. Мен башка адамдарды жардамга чакырдым. Кырсыкка себеп болгон унаадан 2 адам түшүп качып кетти. Жабыркагандарды ооруканага ошол жерге жардамга келген адамдар алып барды», - дейт ал.

Г.Сармырзаеванын агасы унааны башкарган милиция кызматкеринин спирттик ичимдик ичкен же ичпегенин аныктоо боюнча экспертизанын корутундусуна нааразы экенин айтууда. Ал бир нече милиция кызматкери аларды экспертизага киргизбей койгонун айтат.

«Окуя болгонун укканыбыздан кийин эле ал жерге бардык. Бирок милиция кызматкерлери бизди киргизген жок. Кырсыкка милиция кызматкери себепкер болгон экен. Экспертизанын корутундусун дагы бизге көргөзгөн жок. Биз бул ишти прокуратура, УКМК териштирүүсүн суранабыз. Милиция өз кызматкерин коргоп жатат», - деди ал.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Уулай Зыябекова билдиргендей, кырсыктан каза болгон мугалимдердин жакындарына жана жабыркаган мугалимдерге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылды.

«Кырсыктан жабыр тарткан 2 мугалимге жана каза болгон 2 мугалимдин үй-бүлөсүнө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жардам көрсөтүлөт. Учурда кырсыктан жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү министр өзү көзөмөлгө алып жатат. Ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жаткан мугалимге акча каражаты керек. Учурда өлкө аймагында жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн эсеп ачылды. Аксы районундагы мугалимдер 1 күндүк эмгек акысын которот», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынгандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, кырсыкка кабылган милиция кызматкери унаасын башкара албай калганын, кырсыктан кийин жабырлануучуларды ооруканага жеткиргендиги айтылган.

Ал эми Аксы аймактык ооруканасынын башчысынын дарылоо иштери боюнча орун басары Нурмамат Нуралиевдин айтымында, жол кырсыктан жабыркаган Мамай атындагы орто мектептин мугалими Мукадас Ажибаеванын абалы оор бойдон калууда.

«Кечээ Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан нейрохирургдар барып, 2 саатка чукул операция жасашты. Биринчи келгенде эле жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, абалы оор болууда. Түтүкчө аркылуу тамактандырылууда. Кечээ башына операция жасалды, керектүү дары-дармектер берилип жатат. Баш сөөгүнөн жана мээсинен жаракат алган. Кескин түрдө өзгөрүү болгон жок», - деди ал.

Ал эми экинчи жабырлануучу Г.Таштанова жеңил жаракат алган, биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыгып кеткен.

Буга чейин 10-февралда саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12623
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×