Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.02.2018 11:07

Балыкчыда ардагер Ж.Жумакадыровдун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Ооган согушунун ардагери Жумабек Жумакадыровдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат, деп билдирди Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Кермакун Давлетов.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 17 команда келди.

«Токмоктон бир команда, Кочкордон бир команда келди. Калган 15 команда Ысык-Көлдүн аймагынан топтолгон. Мелдеш №4 мектеп-гимназиянын спорт аянтасында өтүп, 3 күнгө созулат. Бул мелдешти Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү, балдар спорт мектеби жана маркум Ж.Жумакадыровдун бир туугандары тарабынан уюштурулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×