Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.02.2018 11:35

Айыл турмушу: Шекерлик машыктыруучу Т.Шүгүрбековдун балбан шакирттеринин айрымдары 60 медаль уткан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 37 жаштагы тургуну Тынчтыкбек Шүгүрбеков 10 жылдан бери балдарды эркин күрөш менен машыктырып келет. Аймактык кабарчы машыктыруучудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, алгач иштей баштаганда көп кыйынчылыктар болгон.

«Атабыз 43 жашында каза болуп калган. Өзүм 1997-жылы мектепти аяктаганда апам шартка карата «окууга өтсөң окуйсуң, өтпөсөң айылда каласың» деди. Апабызга 9 баланы тарбиялоо кыйын болуп, ушундай шарт койгон болчу. Апамды кыйнабаш үчүн аракет кылып жатып, кыргыз филология факультетине бюджетке өтүп кеткем. Ал жерден 5 жыл окуп, кошумча күрөш боюнча ийримдерге катышып жүрдүм. Университеттер арасында күрөш боюнча өткөн мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып жүрдүм. 2002-жылы мугалимдик кесипке ээ болуп чыктым. Кийин орган жумушуна кирип, айлыктарды аз болгондуктан иштебей калдым. Шаардагы мектепте 1,5 жыл кыргыз тил, адабияттан сабак берип иштедим.

Айылга келсем спорт комплекс ачылып жаткан экен. Айылдагылар ошол жерде машыктыруучу болуп иштөөнү сунуштады. 2009-жылдан бери балдарды машыктырып келем. 2 жылдан кийин Нуралы кызы Үмүт деген кызыбыз жакшы чыгып, Азия оюндарында кыздар арасынан чемпиондукту утуп, кийин Таиланддагы мелдештен коло байге алып келди. 2012-жылы Венгрияга барып, дүйнөлүк чемпионаттан 5-орунду алып келди. Мен Үмүттүн эң биринчи машыктыруучусу болчумун. Андан кийин спорт мектептен окуду.

Андан кийин Токтогул улуу Айбек деген шакиртим 50гө жакын медаль алды. Барпиев Жанузак, Нарбаев Арген, Алмазбек улуу Руслан деген балдарым чоң ийгиликтерди жаратышты. Азыр Таалайбек улуу Эрлан, Райымбек улуу Сыймык жана башка балдарым жакшы ийгиликтерди багынтууда. Шаарда 4 балабыз күрөшүп жатат.

Башында кыйынчылыктар болот. Айыл өкмөттөн дагы спортко акча бөлүү деген жок эле. Ата-энелерге рахмат, үйүндө наны жок болсо дагы балдарына жол кирелерин таап берип, ар кайсы мелдештерге жиберип турушат. Ошол балдар чоң ийгиликтерге жетишти. Башында келгенде эркин күрөштү үйрөтүп жүргөндө кыйын болгон. Анткени кыргыз күрөштөн чыгуу кыйын болчу. Эң биринчи айылдын элин көндүрүш кыйын болду. Балдарды үйрөтүү дагы оор. Ал кезде айлыгыбыз 1,5 миң болчу. Чыдап, ушул убакытка жеттим», - деди ал.

Машыктыруучу буга катар эле шакирттеринин кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Талайбек уулу Эржан деген окуучум кичинекей кезинде кагазга кызыл, сары жиптер байланган медаль жасап келип, балдарды күрөштүрүп жатканда жеңгендерине такчу эле. Анын Эламан деген агасы да күрөшкө катышчу. Андан «сизде канча медаль бар?» деп сурачу. Агасы: «7 медаль бар» десе «менде сиздей болгончо 70 медаль болот» дечү эле (күлүп). Кудай тилегин берип, ушул убакытка чейин 70 болбосо да, 60 медаль алууга жетишти», - деди ал.

Машыктыруучу агай 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×