Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Баракелде

Автоунааларды кайра каттоодогу төлөм 3-4 эсеге төмөндөйт

Turmush -  Учурда унааны кайра каттоодогу төлөмдү 3-4 эсеге төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоор даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, бул унаа ээлери транспорт каражаттарын өздөрүнүн атына каттатуусу үчүн жасалып жатат. «Муну менен Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтар базасы актуалдуу болуп, жарандар ишеним кат менен келбей калышат», - деди ал.

Белгилүү болгондой, учурда ишеним катты жол-жоболоштуруу 700 сомдон 1500 сомго чейин болсо, ал эми унааны жаңы ээсине каттатуу 5 миң сомду түзөт.

«Жарандар унааны өздөрүнө ишеним кат менен каттатып жатканда анын жаңы ээси унаа тууралуу маалымат билбейт. Унаа күрөөдө болушу мүмкүн. Муну менен унааны сатып алуучуга жана сатуучуга ыңгайсыздык жаралат», - деди Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук курам департаментинин жетекчисинин орун басары Усеин Касмалиев.

Ал аталган кызмат унааны каттоодогу төлөмдү убактылуу төмөндөтө турганын билдирди. «Мисалы 2005-жылы чыккан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны каттатуу 3100-3500 сомду түзсө, ал эми жаңы мыйзам боюнча аны 400-500 сомго каттатууга болот», - деди ал.

У.Касмалиев учурда болжол менен 600 миңге жакын унаанын ээлери ишеним кат менен жүргөнүн белгиледи.

«Ишеним кат унаага ээлик кылууга укук бербейт. Бирок көпчүлүк жарандар унааны өздөрүнүн менчиги катары эсептешет. Бул туура эмес пикир, ошондуктан нормативдик актынын долбоору иштелип чыккан. Анын жардамы менен бул маселени жөнгө салса болот. Транспорттук каражатты кайра каттоодо ар кандай көйгөйлөр жаралууда», - деди ал.

Аталган мыйзам долбоордо транспорт каражатын кайра каттоодо жеңилдик берилүүчү убакыт каралган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2385
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×