Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Чүй

Фото — Токмокто иш үстүндө көз жумган тиш дарыгер Н.Эшенов көчмө тиш дарылоо бөлмөсүн ачуу максатына жетпей калды, - уулу

Turmush -  Токмок шаарынын 20 жаштагы тургуну Нурадин уулу Урмат маркум атасын эскерип, басып өткөн жолун, үзүрлүү эмгегин аймактык кабарчыга айтып берди. Атасы Нурадин Эшенов 2017-жылы 21-февралда иш үстүндө геморрагиялык инсульттан каза тапкан. Анын кесиби тиш дарыгери эле.

Атамдын көчмө тиш дарылоо бөлмөсү ишке ашпай калды

Атам Эшенов Нурадин Жанышович 1969-жылы 2-мартта Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Ал камкор, иштерман, боорукер, акылдуу, берешен жана ичинде кири жок адам эле. Көптөгөн жакшы сапаттарга ээ болчу. Досторунун, айылдын кадырлуу адамы эле. 7 өкүл уул-кыздын атасы болгон. Азыркыга чейин достору үйгө келип, куран окуп турушат. Атам тиш дарылоого мүмкүнчүлүгү жок, алыс жайгашкан айылдарга барып көчмө тиш дарылоо бөлмөсүн ачсам деп айтып жүргөн. Ушул оюн ишке ашыра албай калды. Өз ишине так, элдин ден соолугуна кам көрүү үчүн жан үрөп иштеди.

Аскердик милдетин Украинада өтөгөн

Атам 1986-1987-жылдары Нарындагы армия, аба күчтөрү жана флотко ыктыярдуу жардам көрсөтүү коомунда окуган. Андан соӊ 1987-1989-жылдары Украинадан аскердик милдетин өтөп келип, 1989-1992-жылдары Ак-Муз айылында механизатордук жумушта иштеген. 1992-жылдан 1995-жылга чейин Нарын медициналык окуу жайынын тиш дарылоо бөлүмүндө окуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. Кийин 2001-2005-жылдары Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин биоэкология факультетин бүтүргөн.

Үзүрлүү эмгеги менен көптөгөн сыйлыктарга татыган

Атам 1995-жылдын июль айынан 2011-жылга чейин Ак-Муз айылдык ооруканасында эмгектенген. 2011-жылы март айында Токмок шаарына көчүп келип, мамлекеттик ооруканада, андан кийин 2012-жылдан 2017-жылга чейин жеке менчик тиш дарылоо жайында эмгектенген. Ал ортодо 2004-2008-жылдары Нарында айылдын жана райондун депутаты болгон. 1996-2000-жылдары Ак-Муз айылдык жаштар уюмунун төрагасы да болуп иштеген. Үзүрлүү эмгегинин арты менен көптөгөн сыйлыктарга, ардак баракчаларга татыган.

Атамдын жолун уланттым

Атам Динар Молдалиевага 1995-жылы баш кошкон. Апам дагы айылдагы ооруканада медайым болуп иштеген. Азыркы учурда Токмок аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүндө медайым болуп эмгектенет. Мен улуу баласымын, 1998-жылы төрөлгөм. Атамдын жолун жолдоп, Токмок медициналык колледжинде тиш дарылоо факультетинде окуп жатам. Менден кийин иним жана карындашым бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4670
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×