Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Караколдогу бала бакчаларга видеокамера орнотулат

Turmush -  Каракол шаарындагы баардык бала бакчаларга видеокамераларды орнотуу пландалууда. Мындай сунуш бүгүн, 13-февралда өтүп жаткан Каракол шаардык кеңешинин сессиясында айтылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, шаарда 14 бала бакча бар. Сессияда шаардык кеңештин депутаты Туратбек Акимканов №14 бала бакчанын эки жаштагы тарбиялануучусу Арсландын өлүмүн мисал келтирип, эгер видео байкоо болсо балдардын коопсуздугун сактоого жакшы шарт түзүлөрүн айтты.

«Эгер видеокамера орнотулса "балдарды уруп коюп жатат, тамакты кандай ичет" деген маселелер чечилет. Каза болгон баланын ата-энесин көрдүк, эң кайгылуу окуя болду. Мындай учурлардын алдын алуу үчүн каражат бөлүү керек», - дейт ал.

Шаардык кеңештин депутаттары бул сунушту колдоого алышып, бала бакчаларга жана мектептерге видеокамера орнотуу үчүн шаардык бюджеттен 850 миң сом бөлүнмөй болду.

Шаардын вице-мэри Г.Орозованын айтымында, бала бакча жана мектептердин имараттарына видеокамера орнотууга бул каражат жетет. Шаарда 10 мектептин бешөөндө видеокамера бар. Ал эми бала бакчаларда видеокамералар орнотулган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 332
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×