Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Баткен

Видео — Өкмөт башчы Сапар Исаков Баткенден кызы үчүн 500 сомго өтүк сатып алды

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда кызына Баткенде чыгарылган өтүк сатып алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, С.Исаков иш сапардын алкагында облуста өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсүнө катышты. Анда «Лейлек» эркин экономикалык зонасындагы жаңыдан чыгарылып жаткан өтүктөр менен таанышты. Өкмөт башчы кызы үчүн 200 сомдук өтүктү 500 сомго сатып алды.

Өкмөт башчынын жардамчысы Бегимай Акимбаева өкмөт башчы өтүктү 500 сомго алгандыгын тастыктады. С.Исаков өтүк үчүн 5000 сом сунган, кийин сатуучулар 4500 сом кайтарып беришти.

Өкмөт башчы кызына сатып алган өтүк

101010

Облус жетекчилиги аталган өтүктөрдү чыгарууда жетишпеген материалдар Өзбекстандан алына тургандыгын билдиришти. Кээде чек ара көйгөйү жаралып калган учурларда аларды алып келүү көйгөй жаратат.

Сапар Исаков бул маселе чечиле тургандыгын билдирди.

Сапар Исаков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн коллегияда Баткен облусу чек арада жайгашкандыктан коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болууга чакырды.

«Жаңы доорго 40 кадам» долбоорунун ичинде эң маанилүү 3 кадам бар.

1. Таза суу маселеси. Бул багытта айылдарда ыкчам иш алып баруу керек;

2. Ирригация маселеси. Мындай маселе Баткенде орчундуу болууда. Буга чейинки президент А.Атамбаев да Баткенге өзгөчө көңүл буруп келген. Мындан ары да көңүл бурулат;

3. «Таза коом» долбоору. Анын алкагында Дүйнөлүк банктын грантынын негизинде жакынкы 3 жылда ар бир региондо ылдам иштеген интернет болот. Учурда элдин баары мобилдик телефон аркылуу маалымат окуп калган. Ошондуктан интернетти арзандатуу керек. Аны менен мамлекеттик кызматтарды үйүндө отуруп эле алууга болот», - деди Исаков.

Ал эми, облус жетекчиси Абиш Халмурзаев өкмөт башчыдан облус аймагындагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Ал айыл өкмөттөрдөгү кум-шагыл казуудан түшкөн салыкты айыл өкмөттөрдө калтыруу сунушун айтты.

Лейлек районунундагы шахталарга түз баруучу оор жүк ташуучу унаалар үчүн Сүлүктү—Кайрагач жолун тездетүү керектиги айтылды. Эгер бул жол курулса Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарына баруучу жол 2 эсеге кыскарып, көмүрдүн баасы да арзандайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13403
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×