Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

«Спиртсмендер эмес, спортчулар көбөймөк»: Нарындык окуучулар өз көйгөйлөрүн чагылдырган тасма тартышты (видео)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектептин окуучулары өз көйгөйлөрүн чагылдырган тасма тартышты. Тасмада айылдагы 3 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан спорт комплекс жана балдар суукта эшикте спорт менен машыгып жүргөнү көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп окуучусу Асылбек Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, тасма айылдагы көйгөйлөрдү жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү максатын көздөйт.

«Мектеп авариялык абалга кептелген, спорт залыбыз да жок. Мындан 3 жыл мурда жалпы айыл элине арналган спорттук комплекс курулуп башталган эле. Биринчи жылы пайдубалы бүттү, экинчи жылы дубалдары тургузулган. Ошол бойдон токтоп турат. Мектептин атынан көптөгөн спортчуларыбыз республикалык мелдештерге катышып жүрүшөт, бирок спорт залыбыз жок. Кышкысын эшикте суукта машыгабыз. Кышында бизде -30...-35 градус суук болот. Ошого карабай машыга беребиз.

"Спорт зал болсо эле баары спортту кыйратып жиберишеби?" деген суроолор болушу мүмкүн. Спортчу болбосок деле кечкисин көчөгө чыгып, бекер убакыт короткондор азаймак. "Спиртсмендер" эмес спортчулар көбөймөк. Айылдаштар арасында ынтымак бекемделмек деген ойдо өз көйгөйлөрүбүздү чагылдырган тасма тарттык», - деди Асылбек Эсенгул уулу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3466
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×