Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Талас облусуТалас району 13.02.2018 21:41 Жаңыланды: 15.02.2018 11:27

Жубайлар: Жапарбек ата Анарбүбү апага баш кошкондо тамдын чатырына бекитип, жубайлыкка алып калган (фото)

Turmush -  Талас районунун Кара-Кол айылындагы 78 жаштагы Оморов Жапарбек ата Анарбүбү апага баш кошкондо аны тамдын чатырына жашырып жатып, жубай кылып алып калган. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, чогуу жашап жаткандарына 53 жылдын жүзү болду.

Жапарбек ата: Жубайым экөөбүз бир айылда, бир көчөдө чоңойдук. Бири-бирибизди таанып-билип эле жүрчүбүз. Экөөбүз 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анын ортосунда мен аскерге кеттим. Аскерден келгенче күттү (күлүп). Жакын жашагандыктан кол кармашып эле алып баса бергем. Артыбыздан апасы келди. Биздин үйдө эч ким жок экен. Карындашым менен кошо жубайымды тамдын чатырына чыгарып койдум да кайын энеме бүт бөлмөнү көрсөтүп, айлананы көрсөтүп, кетирип жибердим. Ал кеткенден кийин жерге түшүрүп, үйгө киргиздим. Экөөбүз бири-бирибизди жактыргандыктан жаман жактарыбыз көрүнгөн жок. Жакшы көрүп үйлөнсөң жаман жагын издеп таба албайт экенсиң (күлүп). Мен Анарбүбүгө үйлөнгөндөн кийин да ага арнап сүйүү ырларын жазып жүрдүм. Кийин бала-чака үйлөнгөндөн кийин ал сүйүү саптарын жок кылдык. Жаш кезде экөөбүз кышында кечинде чана тээп, музга барып ойноп келчүбүз. Бактылуу жашоодо жашап, 7 балалуу болдук. Азыр Замир уулум менен Назира келинимдин колундабыз. Чөбөрөлөрүбүздүн кылыктарын көрүп, багын тилеп отурабыз.

Анарбүбү апа: Мен абысынымдын колуна келин болуп келдим. Ал киши мага көп нерсени үйрөттү. Мен талаа жумуштары менен алек болуп жүрдүм. Жолдошум айдоочу болуп иштеди. Азыр экөөбүз бактылуубуз. Негизи эле илгерки сүйүүлөр күчтүү болгон, бир да жолу урушкан эмеспиз (күлүп).

Жубайлар 7 баланын, 21 неберенин, 11 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×