Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Ак-Сууда «Мерседес Бенц» унаасы май куюучу бекетти сүздү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда жол кырсыгы катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 13-февралда саат 14:20 чамасында Теплоключенка айылында болгон. «Мерседес Бенц» (мамлекеттик номуру такталууда) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, «Жеңиш-Ата» май куюучу бекетинин колонкасын сүзгөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №39 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан. Жабыркагандар жок. Куткаруучулар жеринде өрт коопсуздук иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×