Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баракелде

Фото - Бишкектин тургуну өзү жашаган батирде 4 жылан, жырткыч куш жана кирпи багып жүргөн

Turmush -  Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун тургуну С.О. жапайы жаныбарларды көп кабаттуу үйдөгү батиринде мыйзамсыз багып жүргөн. Бул иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мобилдик батальону аркылуу ачыкка чыкканын Мамэкотехинспекциядан маалымдашты.

Маалым болгондой, тартип сактоо боюнча рейдге чыккан милиция кызматкерлери дароо Мамэкотехинспекциянын экологдоруна кабар берип, текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында батирде 4 жылан, 2 жапайы жырткыч куш жана 1 кирпи уруксат кагаздары жок багылып жатканы аныкталды.

Учурда жаныбарлар реабилитациялоо борборуна берилип, адистер көзөмөлдөп жатат. Ал эми жапайы жаныбарларды үй шартында багып жүргөн жаранга карата топтолгон материалдар сотко өткөрүлөт.

Мыйзам боюнча жапайы жаныбарларды үй шартында кармап, багууга тыюу салынган.

Сүрөттөрдүн автору: Илязбек Балташев

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13860
Көп окулду
×