Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү рейдде 33 мас айдоочу кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-февралдан 11-февралга чейин рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында облус аймагында жалпысынан жол эрежесин бузуу боюнча 1112 факты аныкталып, анын ичинен мас абалда унаа башкарган 33 айдоочу аныкталган.

Ал эми, 194 айдоочуга автоунааларын жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы, транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 190 айдоочуга административдик протоколдор түзүлүп, 51 автоунаа атайын айып пул төлөнүүчү аянтчаларга токтотулду.

Ошондой эле, Ысык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулар менен тушүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол эрежелерин сактоо менен жол кырсыктарынан тышкары болуусун айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 683
Көп окулду
×